• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда кайрадан токой өрттөнүп жатат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.07.23. /Кабар/. Казакстандын Павлодар облусундагы "Ыртыш токоюндагы" (Ертис орманы) өрттү өчүрүүгө 200 киши, 50 техника жана төрт тик учак тартылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, кризистик борборлор жана ыкчам штаб түзүлдү.

15-июлдун кечинде Өзгөчө кырдаалдар боюнча департаменти "Сугур айылында кооптуу жагдай түзүлгөнүн, бирок элди көчүрүү зарыл болбогонун" билдирген. Түндө ӨКМ "калктуу конуштарга коркунуч жок" деген маалымат таратты.

Ошентсе дагы өрт өчүрүүчүлөр кошуна аймактардан жардам сурашкан. Астана, Караганды, Чыгыш-Казакстан облустары кошумча 150 киши жана 30 техника жөнөттү.

Тез жайылып жаткандыктан жана катуу шамалдан улам өрттү өчүрүү кыйынга турууда. Токой чарбасынын маалыматына караганда, өрт чалган аянт болжол менен 850 гектарды түзөт. 16-июль эртең мененки маалыматка ылайык, тик учактар 93 тонна суу чачышты.

Өрт катталган аймакка өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипханов жана Павлодар облусунун акими Асаин Байханов барды.

Павлодар шаары тилсиз жоо катталган аймактан 150 чакырым алыста жайгашкан.

15-июлда Абай облусундагы "Семей токоюн" да өрт чалып, 350 гектар аянтка жайылды. ӨКМ Семей токоюндагы өрт 19:30дан өтүп чектөөгө алынганын кабарлады, бирок өчүрүү иштери уланууда.

Семейде буга чейин дага ири өрт катталып, аны өчүрүү учурунда 15 киши каза тапкан. 1-июлда Абай аймагындагы өрт боюнча кылмышка шектүү катары "Семей токою" коругунун жана Новошульбинск филиалынын жетекчилери кармалганы маалым болгон.

Пикир

Оставить комментарий