• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстан боюнча жалпы 46 мамлекеттик дарыкана ачылат

Ден соолук 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Кыргызстан боюнча жалпы 46 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жайыл районунда мамлекеттик "Эл Аман" дарыканасынын эки филиалын ачуу иш-чарасында билдирди.

Министр өз сөзүндө жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү максатында мамлекеттик дарыканаларды ачуунун зарылдыгын жана маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, мамлекеттик дарыканаларда сапаттуу дары-дармектер жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен сатылат, эң негизгиси, бүткүл Кыргызстан боюнча “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында дары-дармектерге бирдиктүү баа базасы түзүлөт.

"Көптөгөн лицензиясы жок башка жеке дарыканалар дары-дармектерди кымбат баада сатып, дарылардын жарактуулук мөөнөтүн сакташпайт, ал өз кезегинде адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, эч кандай пайдасы жок. Дарыканалар – коррупциялык схемалар менен күрөшүүнүн жолдорунун бири. Биз рейддерди жүргүзүп жатабыз, анын жыйынтыгында тиешелүү лицензиясы жок иштеп жаткан дарыканаларды аныктадык”, - деп билдирди саламаттык сактоо министри.

Пикир

Оставить комментарий