• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Биринчи айым Айгүл Жапарова Ташкентте өткөн эл аралык форумга катышты

Коом 0

Бишкек, 09.11.23./Кабар/. Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Өзбекстандын биринчи айымы Зироат Мирзиёеванын чакыруусу менен бүгүн Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) «Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү — балдар жана жаштар иш-аракетте» аттуу эл аралык форумга катышты.

Иш-чарага Өзбекстандын, Түркиянын жана Ирандын биринчи айымдары катышты.

Биринчи айым Айгүл Жапарова өз сөзүндө Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан эң байыркы шаарлардын бири болгон Өзбекстандын борбору - меймандос Ташкентке келүүгө чакырганы үчүн Зироат Мирзиёевага терең ыраазычылык билдирди.

"Сиздин заманбап дүйнөнүн актуалдуу көйгөйлөрүнө болгон аяр мамилеңиз, климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлерине каршы күрөшүүдө, анын ичинде экологиялык билим берүүнү жайылтууда балдардын жана жаштардын ролун түшүнүүңүз терең урмат-сыйды туудурат", - деди ал.

Айгүл Жапарова ошондой эле Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүү проблемаларын чечүүгө балдарды жана жаштарды тартууга өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Бул иш системалуу түрдө жүргүзүлүүдө жана өнүгүүнүн Улуттук стратегиялык документтеринде чагылдырылган.

Ал Кыргыз Республикасынын 2020-2030-жылдарга жаштар саясатынын концепциясына ылайык артыкчылыктуу көңүл:

- жаштарга адамдык өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүү;

- жаштарды мамлекетти жана коомду өнүктүрүүнүн негизги ресурсу катары калыптандыруу;

- саясий, экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө жаштардын демилгелерин колдоо;

- жаш жарандардын өз ден соолугуна, ата-бабаларынын мурасына, курчап турган дүйнө менен өз ара мамилелерине карата жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга бурулушу керектигин белгиледи.

Биринчи айым балдар жана жаштар климаттын өзгөрүшүнө башкаларга караганда аялуу гана эмес, ошондой эле улуттук климаттык максаттарга жетүүдө маанилүү катышуучулар экенин баса белгиледи.

"Өлкөбүздүн аймагынын жарымынан көбү 1 миңден 3 миң метрге чейинки бийиктикте жайгашкан жана бийик тоолуу аймактардын жашоочулары туш болгон кыйынчылыктар бизге жакшы белгилүү.

Климаттын өзгөрүшүнө, суу ресурстарынын тартыштыгынын күчөшүнө, жердин деградациясына жана табигый кырсыктарга байланыштуу тоолуу өлкөлөр олуттуу тобокелчиликке дуушар экени ачык көрүнүп турат", - деп Айгүл Жапарова белгиледи.

Ошону менен бирге ал кыргыз тарап климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана тоолуу аймактарда аларга ыңгайлашуу боюнча аракеттерге эл аралык коомчулуктун колдоосун кубаттай турганын белгиледи. Кыргызстан өз ишин улантып, эл аралык коомчулуктун өзгөчө көңүлүн талап кылган тоолуу мамлекеттерди коргоонун жана колдоонун демилгечилери болуп кала берет.

"Биздин аракетибиз менен 2022-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясы кабыл алынган. Биздин демилге боюнча бул резолюция 2023-2027-жылдарды "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы" деп жарыяланган", - деди ал.

Жыйынтыгында биринчи айым бүгүнкү форумдун темасы өз убагында болуп, жаш муунга жагымдуу чөйрөнү түзүүгө жана келечекти туруктуу өнүктүрүүгө багытталгандыгын баса белгиледи.

"Форум заманбап коомдогу актуалдуу маселелерди чечүүдө жаңы демилгелерди жана жалпы мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшөт деген үмүтүм бар. Биргелешкен аракеттер менен туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоого өз салымыбызды кошобуз деп ишенем", - деп Айгүл Жапарова сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий