• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто эр эңиш боюнча өлкө чемпиондору аныкталды – жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Спорт 0

Бишкек, 03.11.18 /Кабар/. Ош облусунда эр эңиш боюнча Кыргызстандын биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Бул мелдешке алты облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген 32 балбан катышкан. Ысык-Көлдүн балбандары бул таймашка катышкан эмес.

Эр эңиште биринчи орунду ээлегендер 30 миң сом, экинчи орун алган балбандар 20 миң сом жана үчүнчү орундагылар 10 миң сом байге алышты.

Салмак чени боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

60 килограммга чейин:

1-орун - Шакир уулу Кайрат (Чүй облусу);

2-орун - Айдарбек уулу Балбай (Нарын облусу);

3-орун - Акыл Сагынбеков (Талас облусу);

70 килограммга чейин:

1-орун - Жээналы уулу Жеңишбек (Ош облусу);

2-орун - Арзымат Жумадилов (Чүй облусу);

3-орун - Шайдин уулу Аманбай (Нарын облусу);

80 килограммга чейин:

1-орун - Асылбек уулу Эрмек (Чүй облусу);

2-орун - Асылбек Эгемкулов (Ош шаары);

3-орун - Али имам Ажыбаев (Талас облусу);

90 килограммга чейин:

1-орун - Турдукул Абдрахманов (Ош облусу);

2-орун - Мансур Курманкулов (Чүй облусу);

3-орун - Максат Байбутешов (Нарын облусу);

90 килограммдан жогору:

1-орун - Марат Кулуев (Ош облусу);

2-орун - Маратбек Алтымышев (Талас облусу);

3-орун - Токтоналы уулу Жекшенбек (Нарын облусу).

Белгилей кетсек, бул мелдештер “Төлөйкөн” ат майданында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий