• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖККУнун баш катчысы Юрий Хачатуров кызматынан кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Юрий Хачатуров Армениянын демилгеси менен жумушунан бошотулду. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында кабарланат.

ЖККУнун башкы катчысынын кызматтык милдеттери ЖККУнун башкы катчысынын орун басары Валерий Семериковго жүктөлгөн.

Эскерте кетсек, армениялык тергөөчүлөр Хачатуровду үстүбүздөгү жылдын 1-мартында болгон нааразычылык акциясын токтоткон конституциялык түзүмдү кетиргендиги үчүн айыпташкан. Сот Хачатуровду күрөөгө бошоткон.

Армения ЖККУ өлкөлөрүнө Хачатуровду башкы катчы кызматынан кетирүүнү сунуштаган. ЖККУга Армения, Белорусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.

Пикир

Оставить комментарий