• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тосмонун артындагы аюуга тамак берүүгө аракет кылган кыз ооруканага түштү

Дүйнө 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. Россиянын Амур облусунун Благовещенск шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде жүргөн кыз темир тосмонун артындагы аюуга тамак берүүгө аракет кылып, ооруканага түшкөн. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү укук коргоо органдарына шилтеме берип жазды.

“Жагымсыз окуя кечээ, 8-апрелде болгон. Эс алууда жүргөн 28 жаштагы кыз темир тосмонун ары жагында жүргөн аюуга тамак берүүгө аракет жасап, жаракаттарды алган. Ал ошол замат ооруканага жеткирилген”, - деп берилет маалыматта.

Ал эми бул окуя болгон базада учурда текшерүү иштери жүрүүдө. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жаныбарды кармоого жана келген коноктордун коопсуздугуна жоопкерчиликтүү кызматкерлердин ишине баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий