• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ханыша Елизавета II алтынчы чөбөрөсүн күтүүдө

Дүйнө 0

Бишкек, 05.09.17 /Кабар/. Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин небереси Уильям жана анын аялы Кейт Миддлтон үчүнчү баласын күтүп жатышат. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

“Кембриждин герцог жана герцогинясы үчүнчү баласын күтүп жаткандыктары үчүн абдан кубанычта”,-деп айтылат падышанын үй-бүлөсү тараткан билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, герцогинянын талгагы катуу болуп жаткандыктан дүйшөмбүгө белгиленген Лондондогу балдар үйүнө болгон сапарынан баш тартты. Азыр анын канча айлык боюнда бар экени билдирүүдө айтылган эмес.

Белгилей кетсек, Уильям менен Кейт 2011-жылы баш кошушкан. Эки жыл өткөн соң алар Джордж аттуу уулду болушкан, 2015-жылы болсо Шарлотта деген кызы жарык дүйнөгө келген.

Пикир

Оставить комментарий