• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тегерандагы учак кырсыгы: Учактын кулашынын расмий себеби айтылды

Дүйнө 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Тегеранда аэропорттон учуп чыгып жерге кулаган украиналык учактын кулашынын расмий себеби айтылды. РИА-новости жазгандай, IRNA агенттигине эл аралык аэропорттун өкүлүнүн билдиргени боюнча, техникалык кемчиликтерден улам кыймылдаткычта келип чыккан өрт учактын кулашына себеп болгон.

"Украиналык учак бүгүн эрте менен Тегерандын аэропортунан Киевге учуп чыккан. Бирок техникалык кемчиликтерден улам кыймылдаткычта өрт чыгып, ал аэропорттон алыс эмес жерге кулаган", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, украиналык учак Тегерандагы Имам Хомейни эл аралык аба майданынан учуп чыккандан кийин жерге кулаган. Ирандын ММКлары жазгандай, учактын ичинде 180ге жакын киши болгон – 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү.

Reuters агенттиги жазгандай, кырсыктан эч ким аман калган эмес.

Пикир

Оставить комментарий