• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун» директору пландалган ири долбоорлор тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин директору Санжарбек Болотов «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында пландалган ири долбоорлор тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, аэропортторду модернизациялоо жана башкаруу боюнча долбоорлорго, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун курулушуна, ГЭС куруу жана модернизациялоого, ошондой эле республиканын аймактардагы мектепке чейинки уюмдар үчүн чакан долбоорлорго өнөктөштөрдү тартуу пландалууда.

«Мындан тышкары, учурда соода-логистикалык комплексин куруу долбоору боюнча сынактык тандап алуу аяктоодо»,-деди ал.

Болото жакын арада бүткүл Кыргызстан боюнча инновациялык компьютердик томографияларды орнотуу долбоору боюнча сынак жарыялана турганын кошумчалады. «Ошондой эле мамлекеттик лотерея компаниясы долбоору боюнча өнөктөштөрдү тартуу боюнча иштер жүргүзүлөт»,-деди борбордун башчысы.

Пикир

Оставить комментарий