• 88.68
  • 95
  • 0.95

Экономика министри ЕЭК коллегиясынын төрагасы менен биримдикти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолукту.

Ведомстводон билдиргендей, Амангелдиев Кыргызстандын конструктивдүү диалогго даярдыгын жана келерки жылы ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуунун алкагында Евразиялык экономикалык биримдиктин милдеттерин жана максаттарын ишке ашырууга умтулуусун белгиледи.

Тараптар 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимде белгиленген максаттарга жана милдеттерге жетишүү үчүн зарыл болгон негизги чаралар менен механизмдерди камтыганын баса белгилешти.

Ошондой эле алар коронавируска каршы эмдөөнүн темпин жогорулатуу жана ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан бул илдет менен күрөшүү боюнча комплекстүү чараларды кабыл алуу жөнүндө сүйлөшүштү. Бул контекстте тараптар санитардык-эпидемиологиялык коркунучтарга каршы биргелешип аракеттенүүнүн жана чараларды ишке ашыруунун буга чейин болгон белгилүү тажрыйбасын жана тиешелүү иштерди улантууну баса белгилешти.

Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2022-жылы биримдиктин органдарында төрагалык кылуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин, Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин отурумдары, ошондой эле Евразия экономикалык форуму сыяктуу бир катар иш-чараларды өткөрүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Жыйынтыгында министр Кыргызстан биримдикти өнүктүрүүнүн өз ара пайдалуу жана келекчектуу багыттарын ишке ашырууга бардык күчун жумшай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий