• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга жөнөп кетти — коштоп кеткендер

Президент 0

Бишкек, 08.11.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) жөнөп кетти.

Саммиттин алкагында өлкөлөрдүн лидерлери Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын ичинде өз ара пайдалуу иштерди жөнгө салуу жана социалдык-маданий жана илимий-техникалык өнүгүүнүн ар кандай аспектилери боюнча өз ара жардамдашуу жолу менен региондогу мамлекеттердин чарбалык мамилелердин дүйнөлүк системасына ырааттуу жана этап-этабы менен интеграцияланышын талкуулашат.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө – Азербайжан Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстандын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын мамлекет башчылары, ошондой эле Казакстан Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын өкмөт башчылары катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

- Биринчи айым Айгүл Жапарова;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Джаманбаев;

- Кыргызстандын Ирандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү Турдакун Сыдыков;

- билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

- Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.

Пикир

Оставить комментарий