• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР СӨП башчысы ЭКУнун Өзбекстанда өтүп жаткан V бизнес-форумуна катышууда

Экономика 0

Бишкек, 07.11.23./Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) башчысы Темир Сариев экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) Өзбекстанда өтүп жаткан V бизнес-форумуна катышууда, деп билдирет уюмдун басма сөз кызматы.

КР СӨП президенти өз сөзүндө бул бизнес-форум жемиштүү ишкер байланыштарды өнүктүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет деп белгиледи.

Кыргызстан чет өлкөлүк инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун толугу менен колдойт жана аларды мындан ары ишке ашырууга максималдуу жардам көрсөтүүгө даяр.

Темир Сариев ошондой эле КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) иши тууралуу айтып, акыркы жылы аткарылган иштердин маанилүүлүгүн жана ишкерлерге жеткиликтүү артыкчылыктарды баса белгиледи.

"Азыркы учурда КР СӨП жөнөкөй, түшүнүктүү жана жеткиликтүү кызматтарды жана сервистерди көрсөтүүчү санариптик трансформациялардын туруктуу жана заманбап экосистемасын түзүүгө багытталган санариптик платформаны иштеп чыкты.

Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алышат, Кыргызстанга активдүү инвестициялай алышат, кошумча нарктын жогорулашы менен биргелешкен ишканаларды өнүктүрө алышат жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын потенциалын максималдуу пайдалана алышат", — деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий