• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оюн кызыксыз болуп калбайбы? - Казакстанда көкпар оюнунун жаңы эрежелерин кабыл алышты

Спорт 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. Кечээ Астанада Дүйнөлүк "Көкпар" ассоциациясынын кеңеши өтүп, анда жаңы эрежелер кабыл алынды. Ага ылайык, тай казандын ордуна тегерек, ал эми улак анын жасалма үлгүсүнө алмаштырылат. Бул тууралуу "Хабар 24" билдирет.

Он өлкөнүн федерация башчылары (анын ичинде Кыргызстандыкы) эл аралык мелдештерди өткөрүүнүн эрежелерин карамак. Анткени, буга чейин ал маселе так чечилген эмес.

Кеңештин жыйынтыгында "кооптуу" деп айтылган тай казандарды диаметри 3 метр тегеректерге алмаштыруу чечилген. Анын башкы себеби катары оюнда улакчылар менен алардын аргымактары тай казандарга урунуп, катуу жаракат алып жатканы айтылган.

Андан тышкары, оюн талаасынын узундугу 220 метр, ал эми туурасы 75 метр болору каралган. Ал эми муляждын салмагы 33-35 килограмм болот. Оюн эки бөлүктөн туруп, жыйырма мүнөттөн ойнолот. Ортосундагы тыныгуу 10 мүнөткө созулат. Ал эми ар бир командада 12 улакчыдан болот.

Казакстандын Улуттук жана ат спорт түрлөрү боюнча республикалык борборунун директору Аманжол Хасенов оюндун коопсуздугу сакталып, ошол эле маалда анын кунарсыз болбогондой айласы табылганын, бирок муну менен кыргызстандык улакчылар макул эместигин айткан.

Ал эми социалдык тармактарда кыргыз оюнчулары КРнын Көк бөрү федерациясынын жетекчилигине нааразы болуп, өз кызматтарын тапшырып кетүүгө чакырышууда. Алар жаңы эрежелер менен оюндар кунарсыз болуп калат деген пикирде.

"Оюндун бүйүр кызытарлыгы андагы ылдамдыктан, кыймылдан болот. Ылдамдык, кыймыл болгондо эл аны көрөт. Жылкынын катуу чуркаганы, улакчылардын улакты бири-биринен тартып алганы кызыгуу жарат. Ошол эле маалда алардын коопсуздугун ойлош керек", - дейт Хасенов.

Ошол эле учурда Россиянын көк бөрү бирикмесинин президенти Кристина Карамышина, аларда аймактардын 80%ы казан менен ойноп келгенин жана биринчиликтерин өз эрежелери менен өткөрүүнү өздөрү чечерин билдирген.

Учурда Өзбекстанда быйыл өтө турган дүйнө биринчилиги жаңы же эски эрежелер менен өтөрү белгисиз.

Пикир

Оставить комментарий