• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Москвадагы мекендештердин балдарына экскурсия уюштурулду - элчилик

Коом 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын 20-ноябрында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин демилгеси менен «Мен Москвада жүрөм» гуманитардык долбоорунун алкагында Москва шаарында эмгектенип жаткан мекендештердин балдары үчүн кезектеги экскурсия уюштурулду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жолкусунда 10 жаштан 14 жашка чейинки 15 баладан турган топ 1924-жылы түзүлгөн дүйнөдөгү эң эски авиация музейлеринин бири — Россиянын ДОСААФынын Борбордук авиация жана космонавтика үйүндө болушту.

«Экскурсиянын жүрүшүндө балдар дүйнөлүк деңгээлдеги уникалдуу экспонаттарды: алгачкы учуучу аппараттардын макеттери, жердин биринчи спутниги, «Восток» учуучу аппараты, «Буран» окуу стенди, биринчи космонавт ит Лайканын контейнери, космонавттарды даярдоо костюмдары жана башкаларды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле балдар эки саатка жакын балдар авиациянын жаралышы, легендарлуу учкучтар жана алгачкы космоско баруучулар жөнүндөгү аңгемелерди кызыгуу менен угушту.

Пикир

Оставить комментарий