• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек сиңирген артист Малик Аликеев көз жумду

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Эл арасында “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым” ырлары менен таанымал болгон Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы, комузчу Малик Аликеев 53 жашында көз жумду. Бул тууралуу улуттук «Манас» театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аликеев узакка созулган оорудан улам 17-январда акка моюн сунган.

Малик Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында туулган. Филармониянын алдында түзүлгөн “Эл ырчысы-Эстебес” тобунда 16 жашынан бери ырдап келген.

“Кабар” маалымат агенттигинин жалпы жамааты Малик Аликеевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий