• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайда кырсыкка учураган Boeing-737 учагында кыргызстандыктар жок - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 21.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-мартта Кытайда кырсыкка кабылган учакта кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматына ылайык, жүргүнчү ташуучу учактын бортунда КР жарандары болгон эмес.

Белгилей кетсек, бүгүн Кытайдын Борбордук телеберүүсү China Eastern Airlines компаниясына таандык Boeing-737 жүргүнчү учагы кырсыкка кабылганын билдирген. Авиакырсык Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси провинциясынын Учжоу шаардык округундагы Тэньсянь уездине жакын тоодо катталган.

Пикир

Оставить комментарий