• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Фоторепортаж — Жээнбековдун катышуусундагы Бишкектеги Жеңиш аянтындагы митинг-реквием

Коом 0

Бишкек. 09.05.19 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.

Жеңиш аянтында өткөн митинг-реквиемде Жээнбеков, өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку соттун төрайымы Гульбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын зардалы Райимберди Дуйшенбиев Түбөлүк отко гүлчамбар коюшуп, бир минута унчукпай Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз өз өмүрүн аябастан кийинки муундарга эркиндик жана көз карандысыздык тартуулашканын белгиледи. Алардын теңдешсиз эрдиги жана жаркын элестери жүрөктөрдө түбөлүк сакталып калат.

Бишкек аскер гарнизонунун салтанаттуу парады болду.

Иш-чаранын соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков аянтта ардагерлер менен чогуу басып, алар менен маектешти.

Митинг-реквиемге ошондой эле чет мамлекеттердин дипломатиялык корпусунун, мамлекеттик органдардын, муниципалитеттин өкүлдөрү, борбор шаардын коноктору жана тургундары катышып, Түбөлүк отко гүл коюшту.

Пикир

Оставить комментарий