• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кант шаарында милициянын аймактык пункту ишке берилди

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бүгүн, 18-январда Кант шаарында милициянын аймактык пунктунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Чүй облустук милициясынын башчысы Дамирбек Исаков, Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов, Кант шаардык базарынын директору Чынгыз Шайлиев жана Ысык-Ата РИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Дамирбек Исаков жаңы салынган имаратты курууга салым кошкон демөөрчүлөргө жана Ысык-Ата районунун акимине ыраазычылык билдирип, бул пункт жергиликтүү калк үчүн кызмат кылууда ишенимдүү таяныч болоорун белгиледи.

Ошондой эле Исаков аймактык тескөөчүлөргө кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу багытында тынымсыз иш алып баруу керектигине токтолуп, ар бир кайрылган жарындын маселесин кабыл алуу менен тез чара көрүү керектигин белгиледи.

Заманбап милициянын аймактык пункту Кант шаарындагы борбордук базардын жанына курулуп, кызматкерлерге толук шарттары түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий