• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жолдор жабык! КР ТИМ кыргызстандыктарга Казакстан жана Россияга унаа менен барбай турууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аба ырайынын начарлашынан улам кыргызстандыктарды Казакстанга жана Россияга автожолдору аркылуу баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт.

Маалыматка ылайык, Казакстан сегментиндеги жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылган маалыматка ылайык, республикалык маанидеги автожолдордун 100 участкасында 16 облуста транспорт кыймылына чектөө киргизилди.

Абай, Акмола, Актобе, Алматы, Атырау, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Жетисуу, Батыш Казакстан, Караганда, Костанай, Кызылорда, Павлодар, Түндүк Казакстан, Туркестан жана Улытау облустарында жолдор жабык.

Министрлик Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмү менен биргеликте мекендештерибиздин абалын көзөмөлдөп турат.

Пикир

Оставить комментарий