• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Бишкексууканалдын” башчысына сөгүш жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында муниципалитетте пландык кеңешме өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө шаар мэри "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын башчысы Таалайбек Орозовго жана Ленин районунун акими Мураталы Тагаевге таза суу менен камсыздоо иштерин туура эмес жүргүзгөндүгү үчүн сөгүш жарыялады.

Кеңешменин жыйынтыгында мэр орун басарларына жана шаардык кызматтардын жооптуу жетекчилерине скважиналарды бургулоо, жолдорду жана тротуарларды куруу иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, буга чейин Арча-Бешик конушунун жашоочулары эки жумадан бери ичүүчү суусуз калгандыгын айтып арызданышкан. Ошондой эле Бишкекте жана шаар четинде суу менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралып, түнкүсүн чектөөлөр коюлган.

Пикир

Оставить комментарий