• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Швейцария Нарын жана Ош облустарында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын колдойт

Коом 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. 2017-жылы мартта Нарын жана Ош облустарында “Жарандардын үнү жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулугу: жарандардын бюджеттик процесске катышуусу” аталышындагы долбоор ишке киргизилет, ал Швейцариянын кызматташтык жана өнүктүрүү агенттиги тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясаты институту тарабынан ишке ашырылат. Бул тууралуу Швейцариянын КРдагы элчилиги билдирди.

Долбоор Нарын жана Ош облустарында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына жана жергиликтүү коомчулукка мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ал жарандар менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ортосундагы жакшы шарттарды түзүү менен жарандардын жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесске катышуусун жакшыртат.

Долбоорду ишке киргизүү иш-чараларына КР Өкмөтүнүн аппаратынын, КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этникалар аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, Өкмөттүн Нарын жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Швейцариянын КРдагы элчилигинин кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, Нарын жана Ош шаарларындагы бардык айыл аймак жана кичи шаар жетекчилери жана ЖМКлар катышат.

“Швейцария өкмөтү жергиликтүү өзүнө-өзү башкаруу органдарынын системасын жакшыртууга жана жегиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүгө кыргыз өкмөтүнө узак мөөнөттүү жардам берет. Мен долбоор жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик процесс ачык-айкын болуп, Нарын жана Ош облустарынын аймагындагы элге көрсөтүлгөн кызматтар жакшырат деген ишеничтемин”,-деди Швейцариянын КРдагы элчилигинин өкүлү Люсьен Эгертер.

Долбоор коомчулуктун артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн гранттык колдоого сынактык негизде берилет. 2012-2015-жылдар аралыгында аталган долбоор Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында ийгиликтүү ишке ашырылган, азыр Чүй облусунда иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий