• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү жайы кадимки тартипте иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрүү жайлары кадимки тартипте иштөөдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-февралда саат 10:30га карата кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын тыгыны байкалды. Чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө кезекте 180 оор жүк ташуучу автоунаа турат. Анын 60 автоунаасы жүк үчүн жөнөтүү документтерин күтүп жатышат.

"Жогорудагы өткөрүү жайында жүк ташуучу унаалардын тыгыны жүк ташуулардын көбөйүшү менен байланыштуу", - деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинен башка өткөрүү жайларында адамдардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны катталган жок.

УКМКнын Чек ара кызматы бош жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга “Кең-Булуң” көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу чыга аларын эскертет.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий