• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 4 курулуш компанияга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Бишкекте 4 курулуш компанияга айып салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Алсак, мэриянын муниципалдык инспекциясы "Профит-Экспресс", "Турпан Строй", "Рояль Констракшн", "Авангард Стиль" курулуш компанияларына тазалыкты сактабагандыгы үчүн 92 миң сом суммасында айып салынды.

Белгилей кетсек, курулуш объектилери милдеттүү түрдө автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоочу (жууган) пункттар менен жабдылышы керек. Автоунаа кир, булганган дөңгөлөктөрү менен шаардын аймагын топурак жана ылай кылып булгоого тыюу салынат.

Муниципалдык инспекция коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартип эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий