• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

21-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Эртең, 21-майда Кыргызстандын аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31, Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28 градус болот.

Ал эми Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24, Нарында болсо түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23 градус.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен обулстарында түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32 гадуска чейин жетет.

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12...14, күндүз 28...30 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий