• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте ооз ачууга 1,5 миң баштыкча таратылат

Коом 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Бишкектеги “Ынтымак” сейил багынын амфитеатрында 7-апрель күнү саат 18:00дө “Биз менен ооз ачыңыз” акциясы өтөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Акцияга муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу, кары Акжол Алтынбек уулу жана жаш манасчы Касымбек Бердикулов катышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө ооз ачууга 1,5 миң баштыкча таратылат.

Пикир

Оставить комментарий