• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарынын прокуратура органдары 45 млн сомдук 5 жер тилкени кайтарды

Коом 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын прокуратура органдары 45 млн 68 миң 357 сомдук 5 жер тилкени кайтарды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкек шаарынын прокуратура органдары тарабынан дайыма Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын бузулушун аныктоо боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп келүүдө.

2020-жылы жалпы аянты 4,453 гектар болгон муниципалдык жер тилкелери боюнча мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө 16 талап келтирилген.

Алсак, Бишкек шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 8-июнундагы токтому менен «Эрк» ЖЧКна Ахунбаев көчөсүнөн аянты 0,85 га болгон жер тилкесин маданият - ден соолукту чыңдоочу комплексин куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө берилген.

Бирок «Эрк» ЖЧКсы аталган токтомдун жана тузүлгөн келишимдин талаптарын одоно бузуу жолу менен жер тилкени бүгүнку күнгө чейин өздөштүргөн эмес.

Ал эми аталган ЖЧКнын жер пайдалануу боюнча карызы 2011-жылдан тартып бүгүнкү кунгө чейин 2 185 560 сомду түзгөн.

Аталган жагдай боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына мыйзам бузууларды тез арада четтетүү жөнүндө талап келтирилген.

Ушул сыяктуу эле мыйзам бузуулар Бишкек шаарынын аймагындагы 18 жер тилке боюнча аныкталып, жер пайдалануучулар тарабынан жер тилкелерди өздөштүрүү максаттары башынан болгон эмес жана негизги максаттары пайдалануу укуктарын үчүнчү жактарга сатуу жолу менен пайда көрүүнү негиздешкен.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мыйзам бузуулар ачык көрүнүп тургандыгына карабастан, ижара келишимдерин бир тараптуу жокко чыгаруу жана пайда болгон карыздарды өндүрүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлгөн эмес.

2020-жылы келтирилген прокурордук актыларынын кароо жыйынтыгы менен мамлекетке 8 млн 247 миң 936 сом акчалай түрүндө жана 45 068 357 сомго бааланган 5 жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий