• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин Ч.Айтматов проспектисиндеги мыйзамсыз объектилер алынууда

Коом 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Бишкектин Ч.Айтматов проспектисиндеги мыйзамсыз объектилер алынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгачкы этапта Ч.Айтматов проспектиси менен Гагарин көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган жалпы аянты 42 чарчы метр жеңил объект жана Ахунбаев көчөсүнүн кесилишиндеги темир тосмо алынды.

Буга чейин комиссия жарнаманы жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.

Текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий