• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда биринчи жолу жумушчу кесиптердин улуттук чемпионаты өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жол WorldSkills жумушчу кесиптердин улуттук чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ачылыш аземи эртең, 20-февралда өтөт.

Салтанатка Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү министри, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана ири компаниялардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

"Чемпионаттын аймактык турунда жеңишке жеткен студенттер 20-февралдан 22-февралга чейин ширетүүчүлүк, ашпозчулук жана мода технологиясы боюнча өнөрлөрүн көрсөтүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий