• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алмазбек Акматалиев: Маалымат жыйыны маңыздуу болду

Коом 0

Бишкек, 25.12.19 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынын өткөрдү. Бул Жээнбековдун президенттик кызматтагы экинчи маалымат жыйыны.

Саясатчы Алмазбек Акматалиев бүгүнкү өткөн маалымат жыйын боюнча "Кабар" агенттигине өз оюн билдирди.

Анын пикирине караганда, бул маңыздуулугу жагынан алып караганда ири маалымат жыйыны болду.

Айрымдары тышкы эмоцияларга, анын аныктыгына жана башкаларга көңүл бурат. Эгерде маңыздуулугу жагынан алып карай турган болсок, анда журналисттер өздөрү кызыккан бардык суроолорго так жоопторду ала алышты", - дейт саясатчы.

Акматалиевдин айтымында, президент үчүн маалымат жыйынында узатылган бир да суроо күтүүсүз болгон жок. "Ал суроолор социалдык түйүндөрдө, Интернетте ансыз деле берилип келген, күтүүсүз суроолор болгон жок, албетте ага жараша жоопдор да", - деп Акматалиев өз оюн билдирди.

Саясатчынын пикири боюнча, президент сөз эркиндигин колдой тургандыгын дагы бир ирет баса белгилеп, Хабибула Абдукадыр менен тааныш экендигин ырастады.

Президент ал адамды тааный тургандыгын жана кандай жагдайда таанышып калгандыгын айтып берди. Мага анын Атамбаев боюнча айткан жообу жакты, аны мурдагы президенттин тагдыры ойлондурат. ЖЭБ жана Бабанов боюнча да өз пикирин билдирди. Башкача айтканда, президент мүмкүн болушунда так жана ачык жооп берди", - деген Акматалиев, дагы бир ирет маалымат жыйыны маңыздуу болгондугун баса белгиледи.

Эске сала кетсек, бүгүн, 25-декабрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынын өткөрдү.

Ага 188 журналист катышты. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.

Пикир

Оставить комментарий