• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министрлиги эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү жаатында эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты бекемдейт

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Эмгек министрлиги эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү жаатында эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты бекемдейт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев, ошондой эле "Борбор тилектештик" америкалык эл аралык профсоюздук тилектештик борборунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Лола Абдукадырова эмгек мыйзамдарын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган 2022-жылга биргелешкен план жөнүндө келишимге кол коюшту.

Ошондой эле 2021-жылы түзүлгөн кызматташтык жөнүндө меморандумдун негизинде кол коюлган бул пландын алкагында "Тилектештик борбору" министрликтин жаңы маалыматтык порталын иштеп чыгууда министрликке финансылык колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий