• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Санариптик өнүктүрүү министрлиги биометрикалык идентификацияны колдонууну кеңейтүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.11.22. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлиги (СӨМ) биометрикалык идентификацияны колдонууну кеңейтүүдө. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, санариптик технологиялардын өнүгүүсүнүн негизинде мамлекеттик, каржылык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн приоритеттүү багыттарынын бири болуп аралыктан кызмат көрсөтүү болуп саналат.

"Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы биометрикалык технологияларды колдонуу тармагын кеңейтүү үчүн жарандарды сапаттуу, анык жана аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн платформа түзүүгө киришти. Алдыга коюлган максаттарды ишке ашыруу максатында “Инфоком” ишканасы менен орусиялык “VisionLabs” компаниясы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду", - деди ал.

Биргелешкен долбоордун алкагында жарандарга мамлекеттик жана каржылык кызмат көрсөтүү процессинде атайын программалык камсыздоо жана биометрикалык терминалды колдонуу пландалууда.

Программалык камсыздоо төмөнкүлөрдү камсыздайт:

- Адамды геометрикалык бет түзүлүшү боюнча ошол адам экендигин тез арада аныктоону;

- Маалыматтык каамсыздоону бекемдейт;

- Алдамчылык менен шылуунчулук тобокелдигин азайтуу менен калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртууну.

"Идентификация азыркы мезгил режиминде онлайн-сурамжылоо боюнча жүргүзүлөт, муну менен бирге адамдын бет түзүлүшүн аныктоо максималдуу түрдө так жана ишенимдүү түрдө өтөт. Технологияны колдонуу мамлекеттик кызматкерлерди тестирлөө процессинде, айдоочулук күбөлүк алуу учурунда, шайлоо процесстеринде, жашаган жери боюнча каттоо маалында, паспорт алуу учурунда, электрондук кол тамга тапшыруу мезгилинде, банкттык кызмат көрсөтүү процесстеринде жана мобилдик тиркеме аркылуу колдонуу пландалууда", - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий