• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бензин, газ куюучу жайлар, нефтебазалар пландан тышкары текшерилет

Коом 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. Бензин жана газ куюучу жайлар, нефтебазалар, нефти кайра иштетүүчү заводдор пландан тышкары текшерилет. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кабарлады.

Маалым болгондой, инспекция жыл сайын май сактоочу жана май куюучу жайларды текшерип турат. Ал эми жарандардан арыз түшсө, пландан тышкары текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Мындай текшерүүлөр талаптарга жооп бербеген ишканаларга эскертүү берип, коопсуздук маселелерин чечип, мыйзам бузууларды жөнгө салуу үчүн аткарылат.

Эске салсак, 10-майда Жалал-Абадда жайгашкан нефтебазада өрт чыгып, жакын жерде жашаган адамдар коопсуз жайга көчүрүлгөн болчу. Өрттүн себебин атайын комиссия иликтөөдө.

Пикир

Оставить комментарий