• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрөбаев «Санариптик экономика» программасынын алкагында ишти күчтөндүрүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Санариптик экономика» мамлекеттик программасынын алкагында 2022-жылы мамлекеттик органдар тарабынан финансы ресурстарын өздөштүрүү маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө 2018-жылдан 2022-жылга чейинки мезгилде мамлекеттик органдар тарабынан санариптештирүү чөйрөсүндөгү иш-чараларды каржылоону бөлүштүрүү жана пайдалануунун натыйжалуулугу жана сарамжалдуулугу боюнча маселелер да каралды.

Белгилей кетсек, «Санариптик экономика» программасынын негизги максаты калкка электрондук форматта көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү белгилегендей, былтыр санариптештирүү долбоорлоруна каралган 500 млн сомдун 487,9 млн сому бөлүнгөн. Мамлекеттик органдар тарабынан финансы каражаттарын өздөштүрүүнүн көлөмү – 311,6 млн сомду, же 64%ды түзгөн.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдар тарабынан мурда бөлүнгөн финансылык каражаттарды өздөштүрүү боюнча көйгөйлөр талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдарга каржылоону бөлүштүрүү тартиби боюнча документтерди даярдоону, анын ичинде маалыматтык системаларды түзүү үчүн техникалык шарттарды өз убагында иштеп чыгууну, жеке системаларды башка маалыматтык системаларга интеграциялоо маселесине жоопкерчиликтүү мамиле кылууну, бөлүнгөн финансылык каражаттарды өз убагында жана максаттуу пайдаланууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий