• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Борбор Азияда аналогу жок. Кыргызстандын ажайып кооз жерлери тууралуу сайт ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын ажайып кооз жерлери тууралуу сайт – MAP.KG ишке кирди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында белгилүү болду.

Кыргызстандагы биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги аймактарындагы жаратылыштын биринчи сүрөт базасы Фотожурналисттер союзу тарабынан 2022-жылы түзүлдү. Мындай жерлердин өлкө боюнча саны 32ни түзүп, алардын ар бири уникалдуу ландшафттардын, флоранын, фаунанын (анын ичинде Кызыл китепке кирген түрлөрү) айкалышы болуп, ошондой эле тарыхый-маданий жана туристтик жайлардын жыйындысы камтылган.

2022-жылы Фотожурналисттер союзунун командасы төрт ирет экспедицияга чыгып, 11 биологиялык ар түрдүүлүк аймак тууралуу маалымат топтогон. 2023-жылдын апрель айынан тарта иш уланат.

“Сайтта аталган жерлерде жашаган жана жаратылышты коргогон адамдар да көрсөтүлөт. Мындан сырткары, Борбор Азияда материалдарды жогорку сапаттагы визуализациялоочу биринчи ресурс болот. Сайттагы бардык материалдарды акысыз жүктөп алууга болот”, - дейт “Фотожурналисттер союзу” коомдук уюмунун директору Владислав Ушаков.

Долбоордун улуттук координатору Евгения Постнова журналист, гид жана туризм тармагынын өкүлдөрү материалдарында интернеттен жүктөлгөн сүрөттөр колдонулуп келгенин маалымдады.

“Окшош сүрөттөрдү колдонуу даярдаган материалдын сапатына да таасирин тийгизет. Биз туристтик уюмдардын кызматынын жакшырышына өбөлгө түзүүнү каалайбыз. Гид, журналисттер өлкө боюнча макала даярдаганда сайттагы сүрөттөрдү колдоно алышат”, - дейт Постнова.

Постнова сайт үч тилде: кыргызча, орусча жана англисче иштей турганын айтып, англис тилиндеги баракча даярдык процессинде экенин кошумчалады.

Долбоор эки жылга эсептелип, 2024-жылы аяктайт. Бул убакыттын ичинде авторлор Сары-Челек, Афлатун-Падыш-Ата, Беш-Арал, Дашман, Чычкан, Чыгыш жана Батыш Ысык-Көл, Беш-Таш, Талас дарыясы, Соң-Көл, Чатыр-Көл жана жаратылыш берметтери тууралуу тажрыйбалуу туристтер, гиддер же жергиликтүү тарыхчылар гана билишкен атактуу жерлер тууралуу көптөгөн кызыктуу маалыматтарды беришет.

Пикир

Оставить комментарий