• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базарбеков КМШ мамлекеттеринин Жогорку сотторунун төрагалар кеңешинин жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагалар кеңешинин онлайн отурумуна катышты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешмеге Армениянын Кассациялык сотунун төрагасы Лилит Тадевосян, Беларустун Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Валерий Калинкович, Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Асламбек Мергалиев, Россиянын Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев, Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасы Шермухаммад Шохиен, Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасы Бахтияр Исламов, КМШ Экономикалык сотунун төрагасы Людмила Каменкова, КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев катышты.

Замирбек Базарбеков өз сөзүндө, аталган Кеңеш кызыктуу жана жемиштүү жолугушуулар үчүн аянтча болуп каларын, анын ишинин натыйжалары бардык катышуучулар үчүн пайдалуу болорун белгиледи.

Ал эми катышуучу-өлкөлөрдүн сот системасын өнүктүрүүдөгү баа жеткис тажрыйбасы, сот адилеттигин ишке ашыруу, пикир алмашуу актуалдуу проблемаларды чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонууга мүмкүндүк берет жана улуттук сот адилеттиги системасын өркүндөтүүгө салым кошо тургандыгын айтты.

"Ошондой эле Шериктештиктин алкагында сот тармагындагы кызматташтыкты жана жогорку соттордун өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү көп тараптуу укуктук мамилелерди өнүктүрүүгө гана оң таасирин тийгизбестен, биздин мамлекеттер ортосундагы ишенимди жана өлкөлөр арасында жакшы коңшулаштык мамилелерди чыңдоого жардам берет деп ишенем", - деди Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы.

Катышуучулар КМШга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагалар кеңешинин жобосун бекитишти.

Кеңештин кийинки отуруму 2024-жылдын IV кварталында Ереван шаарында өткөрүлмөй болду.

Пикир

Оставить комментарий