• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган учур катталдыбы? — расмий жооп

Коом 0

Бишкек, 26.01.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган учур катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, WhatsApp тиркемеси аркылуу коронавирус Бишкекке жетти деген аудио билдирүү тарап жатат. Анда Бишкектеги Республикалык инфекциялык ооруканага Кытайда тарап жаткан вирусту жуктуруп алган адам жаткырылгандыгы айтылат.

"Аталган маалымат чындыкка дал келбейт. Жугуштуу оорулардын республикалык ооруканасында республиканын аймагынан коронавируска чалдыккандар аныкталган шартка үч палата даярдалган", - деп баса белгилешти министрликтен.

Медиктер колду самындап бат-баттан таза жууп туруш керек экендигин жана дене табыңыз жогорулап, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындап жатса, анда дароо ооруканага кайрылуу керектигин эскертишет.

Эске салсак, Кыргызстанда коронавируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Анын курамына КР Саламаттык сактоо министрлигинин жана бир катар тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген. Ыкчам штабдын мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, алар менен ыкчам маалымат алмашып турушат.

Коронавирусту өлкөгө алып келүүгө жол бербөө жана кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында, Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда оорунун белгилерин өз убагында аныктоо максатында вирустун болушун текшерүү үчүн дене табын өлчөгүчтөр орнотулду. Санитардык-карантиндик пункттун адистери термографиялык камеранын жардамы менен Кытай Эл Республикасынан жана башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына келгендерди текшеришүүдө.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасындагы мекендештерди жана коңшу өлкөгө барууга камынып жаткан жарандарды сак болууга, сунуш кылынган чараларды, анын ичинде коргоочу бет каптарды милдеттүү түрдө колдонуу керектигин эскертет.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Кытай Эл Республикасынан эт жана эт азыктарын ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизген.

Пикир

Оставить комментарий