• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Орозалиев: Өзгөчө абал киргизилгенден бери Бишкекте коменданттык саатты бузган 1 миң 919 жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абал киргизилгенден бери Бишкекте коменданттык саатты бузган 1 миң 919 жаран кармалды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, кармалгандардын ичинен 1 миң 675и эркек жана 244ү аял киши.

Ал эми бүгүнкү өткөн коменданттык саат учурунда 39 жаран кармалган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий