• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Облустук «Теңир Тоо» гезитинин редактору Таалайбек Дүйшөналиев дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-январында кыргыз улуттук журналистикасынын өнүгүшүнө салмактуу салым кошкон таланттуу журналист, Нарын облустук медиаборборунун башкы директорунун орун басары, облустук “Теңир Тоо” гезитинин башкы редактору Дүйшөналиев Таалайбек Токтобекович 61 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Таалайбек Дүйшөналиев 1960-жылы 10-июлда Тянь-Шань районундагы Жерге-Тал айылында туулган.

Таалайбек Дүйшөналиев 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөндөн кийин, Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган

Эмгек жолунда Нарын райондук «Жеңиш» жана кайра ачылган облустук «Теңир Too» гезиттеринин редакцияларында кабарчы, бөлүм башчы кызматтарында иштеген. 1995-жылдын май айынан бери облустук «Теңир Too» гезитинин башкы редактору болуп эмгектенген.

Таалайбек Дүйшөналиев «Теңир Тоо» гезитин жетектөө менен бийик тоолуу Нарын облусунун тарыхый санжырасын түзүүгө, анын социалдык-маданий, экономикалык жактан өсүшүнө, республикабызда жүрүп жаткан саясий жана экономикалык, социалдык кайра түзүүлөрдүн гезит беттеринде жеткиликтүү чагылдырылышын камсыз кылууга эбегейсиз салым кошкон.

Таалайбек Дүйшөналиевдин журналисттик жана жетекчилик ишмердүүлүгү бааланып, анын кыргыз журналистикасын өнүктүрүүгө жана республиканын социалдык- экономикалык өнүгүшүн айкын чагылдырууга кошкон эмгеги үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана бир катар жеригиликтүү бийлик органдарынын сыйлыктары менен сыйланган.

Таалайбек Дүйшөналиев эмгек жамаатынын ичинде чоң кадыр-баркка, урмат-сыйга ээ болгон инсан катары эсибизде калат. Ал калыстыгы, чечкиндүүлүгү, бийик адеб-ахлагы, адамгерчилиги, ишке көзүнүн жетиктиги менен айырмаланып турчу.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Таалайбек Дүйшөналиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий