• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүйдө жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек. 27.01.20. /Кабар/. Чүй облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун саат 15.16дар чамасында Чүй облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Ата районунун Карагай-Булак, Алмалуу айылдарында 2,5 балл, Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий