• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы: Арашан айылында “Даңк жарашкан талант” аттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 28.11.18. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Чүй облусунун Адамүдүн районунун Арашан айылынын Стрельникова атындагы жалпы билим берүү мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган иш-чара өттү.

Аталган иш-чарада залкар жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова, белгилүү актёр Насрет Дубашевдер кадырлуу конок болушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп директору Светлана Каргабаева улуу жазуучу Ч.Айтматовдун бир гана Кыргызстандын эмес, бүткүл дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы тууралуу айтты.

“Айтматовдун чыгармалары 165 тилге которулган. Ал эки тилде тең жакшы жазган жазуучулардын катарына кирчү. Дүйнө адабиятында Айтматовдун чыгармаларынын ролу чоң. Анын чыгармаларынын негизинде көп-көп тасмалар тартылып, спектаклдер коюлуп келет. Улуу инсандар айткандай, Чыңгызхан дүйнө жүзүн өзүнүн кылычы менен таң калтырса, Айтматов жер жүзүн өзүнүн калеми менен багындырган”, - деди ал.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында Айтматовдун чыгармасы боюнча спектаклдер коюлуп, жазуучунун урматына чыгармалардан үзүндүлөр, концерттер көрсөтүлдү.

Роза Айтматова өз сөзүндө: "Чыңгыз Айтматов өзүнүн артында улуу мурас катары чыгармаларын калтырып кетти. Мектеп окучуулары тарабынан көрсөтүлгөн спектакльдар абдан мыкты чагылдырылган. “Бүгүн бизге жакшы маанай тартуулаган ушул кичинекей бөбөктөргө кааларым, китепти көп окугула, анткени китеп бул билим. Ал эми билимдүү адам көп нерсеге умтулуп, көп нерсеге жетет. Чыңгыз Төрөкулович көп айтчу, адам бирөөнү бактылуу кылганда гана өзү да бактылуу болот деп. Ошондой эле мен ушул балдарга кааларым, жакшы билим алып, ошол билиминин артынан бактылуу болушсун”, - деп билдирди.

КРнын белгилүү актёру Насрет Дубашев, иш-чара бийик деңгээлде уюштурулганын белгилеп, ыраазычылыгын билдирди. Анын айтуусунда, адабият кечесине катышкан балдардын ичинде таланттуу, келечекте мыкты актёр боло ала турган жаш таланттар көп.

Кеченин соңунда Роза Айтматова мектептин китепканасына өзү жазган китептерди белек катары тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий