• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Коом 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда СССРдин Эл артисти Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиевди акыркы сапарга узаттуу зыйнаты өттү.

Ага КР президентинин аппаратынан бөлүм башчысы Кудайберген Базарбаев, маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлү, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, үй- бүлөсү катышты.

Коштошуу зыйнатында СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиевдин дүйнө салгандыгына байланыштуу КР президенти Садыр Жапаровдун көңүл айтуусу окулуп, анда кыргыз маданияты чоң жоготууга учурагандыгы, анын артында өлбөс-өчпөс из калтыргандыгы тууралуу баса белгиленип, Токтоналы Сейталиевдин жакын туугандарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айткандыгы айтылды.

СССРдин Эл артисти Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиев 2021-жылдын 24-февраль күнү узакка созулган оорудан улам, 83 жаш курагында дүйнө салган.

Токтоналы Сейталиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди.

Пикир

Оставить комментарий