• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте «Ночь перед рождеством» балетинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Ночь перед рождеством» балетинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, балет аталган министрликтин колдоосу менен өттү.

Спектаклга Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары жана студенттери катышты.

Спектаклды А.Я.Ваганова атындагы Орус балет академиясынын бүтүрүүчүсү Алия Аджибаева койгон. Ал буга чейин Бишкек шаарындагы Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайын аяктаган.

Белгилей кетсек, келечекте спектаклды Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын репертуарына киргизүү пландалууда.

Спектаклдин алкагында аталган окуу жайда эмгектенип, кызматында артыкчылык көргөзгөн окутуучуларга КР Жогорку Кеңешинин ыраазычылык каттары жана Маданият министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий