• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын муфтийи XV Эл аралык форумуна катышууда

Коом 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Берлин шаарында эки күнгө созулган мусулмандардын XV Эл аралык форумуна катышууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумга 20 мамлекетте иш алып барган ислам, иудаизм жана христиан дининин өкүлдөрү катышууда.

Форумдун жүрүшүндө радикализмдин алдын алуу, салттуу руханий-нравалык баалуулуктарды сактоо, экстремизм, терроризмдин алдын алуу сыяктуу бир топ темалардын алкагында ар бир мамлекеттен келген өкүлдөр өз баяндамаларын жасады.

Иш-чарада Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев дагы сөз сүйлөп, анда ислам дини тынчтыкка үндөп, элдин бейпил турмушуна, конфессиялар аралык достукка чакыра тургандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий