• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунун тургундары Баткенге 1 млн сомдук гумжардам жиберди

Коом 0


Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Чүй облусунун тургундары Баткенге 1 млн сомдук гумжардам жиберди. Бул тууралуу видеону Аден Турусбеков фейсбуктагы баракчасына жүктөдү.

Видеодо Чүй облусунун тургунары биригип, Баткенге 1 млн сомдук жардам топтогону айтылат. Чүйдүн 8 районунан гумжардам чогултулган. “Эң зарыл болгон күнүмдүк буюм, азык-түлүк, тамак-аш, кийим-кече жүктөлдү. Мунун баары Чүйдүн айыл-кыштак, шаарларындагы карапайым калктын кошкон салымы, берген аманаты”, - деп жазат Аден Турусбеков.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 183 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 соцобъект жана 5 башка мамлекеттик имарат күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу.

Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Пикир

Оставить комментарий