• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарындагы бассейндердин абалы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы бассейндердин абалы текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Жалал-Абад мэриясынын жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан шаарда ишмердигин жүргүзүп жаткан бассейндерге санитардык абалы, коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча рейд жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда “VEGAS” бассейни уруксат кагазы жок иштеп жаткандыгы белгилүү болду. Бассейн ээсине кемчиликтерди жоюу боюнча жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле келген эс алуучулардан сууга түшүү эрежелерин канчалык деңгээлде билүүсү тууралуу да сурамжылоо жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 6 жеке менчик бассейн өз ишмердигин жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий