• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Арча-Бешик конушунда 464 орундуу балдар бакчасы ачылды — фоторепортаж

Коом 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарынынын Арча-Бешик конушунда №19 бала бакчанын ачылышы болду, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Мекеменин долбоордук кубаттуулугу 284 орунга көбөйтүлүп, 180 баланын ордуна эми 464 бала кабыл алынат.

Имарат эки кабаттуу, бардык көмөкчү жайлары бар: уктоочу, оюн, кампалар, ашкана, жуунучу бөлмөлөр, медициналык кабинет, персоналдар бөлмөсү, музыка, спорт жана техникалык бөлмөлөр.

Бала бакчанын ачылыш аземи Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Болот Апилов, ошондой эле конуштун тургундарынын катышуусунда өттү.

Пикир

Оставить комментарий