• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте көчө кесилиштерине чакмак жол чийиндери чийиле баштады

Коом 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Бишкекте көчө кесилиштерине чакмак жол чийиндери чийиле баштады. Бул тууралуумэриядан кабарлашты.

Буга чейин жолдогу кыймылга мониторинг жүргүзүлгөн. Ага ылайык жол эрежесин бузуулардын негизгиси - кесилиштерде жүрүү же өтүү кезегинин сакталбагандыгы аныкталган.

Мындан улам тыгындарды жана жүрүү кезегин азайтуу, ошондой эле кесилиштердеги кырсыктарды алдын алуу максатында, пилоттук режимде төмөнкү көчөлөрдүн кесилиштерине чакмак жол чийиндерин чийүү чечими кабыл алынды:
- Манас проспектиси - Чүй проспектиси;
- Манас проспектиси – Киев көчөсү;
- Манас проспектиси -Токтогул көчөсү;
- Манас проспектиси - Москва көчөсү;
- Манас проспектиси - Бөкөнбаев көчөсү;
- Чүй проспектиси -Тоголок Молдо көчөсү;
- Исанов көчөсү -Токтогул көчөсү.

Азыркы учурда аталган жол белгиси Токтогул жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишине чийилди.

Мындай белгилер кесилишке эреже бузуу менен чыга калган айдоочуларды тартипке салууга мүмкүндүк берүүчү кошумча чара катары колдонулат.

Буга чейин “Коопсуз шаардын” фото жана видеофиксация камералары жол кыймылынын абалын, анын ичинде кесилиште жол кыймылына тоскоолдук жаратып жаткандарды туура аныктай алган эмес.

Эреже бузгандар көбүнчө жазасыз калган. Азыр, эгерде унаа белгилүү бир убакыттан ашык мөөнөткө ушул белгинин чегинде болсо, анда ал автоматтык түрдө эреже бузуу катары катталат.

Чакмак жол чийиндеринде унаалар башка жол кыймылынын катышуучуларынын өтүүсүн 5 секунддан көпкө тоспошу керек.

Айдоочу жолдогу чакмак чийинди көргөндө, аны тебелеген абалда калбоосу үчүн жана башкаларга тоскоолдук жаратпоосу үчүн агымдын жана өзүнүн кыймыл ылдамдыгын эсепке алышы зарыл.

Эгерде ар кандай себептерден улам унаа кесилиште көпкө кармалып калса жана камера кырдаалды фиксация кылган болсо, анда унаанын ээсине айып чегерилет.

Белгилей кетсек, Чакмак чийиндин үстүнө токтогонго таптакыр тыюу салынган эмес.

Чакмак чийиндин үстүнө токтоого толук уруксат берген жагдайлар да бар. Мисалы, кесилиште бурулганда жөө жүргүнчүнү өткөрүп жиберүү же солго бурулуп жаткан каршы тилкедеги унааны өткөрүп жиберүү үчүн токтогонго уруксат берилет.

"Аталган чаралар шаардын жол-транспорттук инфратүзүмүн жакшыртуу жана шаардагы тыгындарды азайтуу максатында иштелип чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий