• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Тилек Кадыкеев Бишкек шаарынын Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Жаңы жетекчини башкармалыктын жамаатына Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Бакай Турдугулов менен Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин директору Эрназарбек Суеркулов тааныштырды.

Тилек Кадыкеев көп жылдык тажрыйбасы бар куруучу, буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Курулуш башкармалыгынын башкы адиси кызматын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий