• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР Улуттук банкы менен ЕРӨБ кызматташат. Меморандумга кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 04.04.24./Кабар/. Бишкекте КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Манас Жакыпов менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча регионалдык директору Айтен Рустамова менен эки тараптуу жолугушуу өттү.

КР УБнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө жашыл экономиканы өнүктүрүү, Кыргызстандын финансы системасына ESG принциптерин киргизүү жаатында мындан ары кызматташуу багыттары талкууланды.

Тараптар финансы секторунда климаттык тобокелдиктерди кыйла натыйжалуу аныктоо, баалоо жана башкаруу, корпоративдик климаттык башкаруу жана өткөөл мезгилди пландаштыруу үчүн көзөмөлдөө боюнча сунуштарды жана жөнгө салууну иштеп чыгуу жана ишке киргизүү тармагында кызматташуу боюнча КР Улуттук банкы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда меморандумга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий