• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын жыйынтыктады

Спорт 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча балбан жана Кыргызстан курама командасынын капитаны Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын аяктагандыгын жарыялады. Бул тууралуу ал 17-февралда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылыш аземинде билдирди.

Ал машыктыруучу курамга, дарыгерлерге, күйөрмандарга, үй-бүлөсүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары, ага профессионал болууса жардам бергендердин бардыгына терең ыраазычылыгын билдирди. Балбан спорттук кийимин символикалык түрдө грек-рим күрөшү боюнча спортчу Нурмухаммед Абдуллаевге тапшырды.

Каныбек Жолчубеков студенттер арасында эки жолку Дүйнө чемпиону, жаштар арасында Дүйнө чемпиону, Азия чемпиону, ошондой эле Азия оюндарынын вице-чемпиону.

Пикир

Оставить комментарий